ОТК МГ №38 Райкан Шукурбеков атындагы №38 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси

Усулдук кызматы

2018-2023 окуу жылдары үчүн мектептин усулдук темасы:

“Окуучуларды жаңыча ой жүгүртүүгө багыттоо менен өз алдынча жана чыгармачыл ишмердүүлүгүн кеңейтүү аркылуу  сабакты жакшыртуу”

 

Максаты:

  1. Мугалимдердин педагогикалык чыгармачылыгын жана кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз өркүндөтүү.
  2. Билим берүүдө жаңы технологияларды өздөштүрүү аркылуу сабактын эффективдүүлүгүн камсыз кылуу.
  3. Окуучуларды жаңыча сынчыл ой жүгүртүүгө багыттоо менен өз алдынча жана чыгармачыл активдүүлүгүн кеңейтүү аркылуу сабакты мыктылоо.

Милдеттери:

  1. Окуучулардын өз алдынча иштөө чыгармачылыгына байланышкан заманбап педагогикалык технологиялар жана окутуунун инновациялык формасын педагогдордун практикалык чыгармачылыгында кеңири пайдаланууну активдештирүү менен окутуунун сапатын жогорулатууга түрткү берүү.
  2. Педагогдордун теориялык, методологиялык деңгээлин методикалык кеңештин чыгармачылыгын билгичтик менен уюштуруу аркылуу жогорулатуу.
  3. Окуучуларды жигердүү окутуу максатында мониторинг системасын өркүндөтүп билим деңгээлин өнүктүрүүнүн терс динамикасын таап чыгып, аны жок кылуунун заманбап чечимин кабыл алуу.
  4. Мугалимдердин актуалдуу иш тажрыйбаларын таап чыгып , аны изилдеп жана жайылтуу ишин жолго коюу.
  5. Окуучуларга билим берүүнүн маңызынын негизинде билим деңгээлин жогорулатуу үчүн заманбап талаптарга ылайык маалыматтык-коммуникативдик, изилдөөчүлүк маданиятынын негизги элементтерин колдонуу зарылчылыгын камсыз кылуу.
  6. Педагогикалык чыгармачылыкта мугалимдердин профессионалдык компетенттүүлүгүн, окутуунун инновациялык формасын активдүү колдонуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү.
  7. Окуучуларды өз алдынча билим алуу, ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу аркылуу өзүн-өзү өнүктүрүп, илимий-изилдөөчүлүк көндүмүн калыптандыруу менен практика жүзүндө өзүнүн оюн далилдүү, чыгармачылык менен көргөзө билүүгө үйрөтүү ишин улантуу.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР

  1. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн оптималдуу шарт түзүлөт.
  2. Мектепте жана үй-бүлөдө жеке окуучунун маданий-билим берүү мейкиндигинде социалдык ишмердүүлүгүн калыптандыруу үчүн шарт түзүлөт.
  3. Сабактын жеткиликтүү берилишинин жана окуучунун сабакты кабыл алышынын абалын көзөмөлдөө үчүн педагогикалык мониторингдин системасы иштеп чыгарылат.
  4. Мектепте окутуунун өркүндөтүлгөн сапаттуу жолдору пайда болот.
  5. Окуучулар багыт алуунун жаңы баалуулуктарына калыптанат.
  6. Үйрөнүүнүн жана өнүгүүнүн деңгээли үзгүлтүксүз көзөмөлдөнөт.
  7. Ар бир окуучунун жекече өнүгүшү бааланат.
  8. Окуучунун таанып-билүү чыгармачылыгы өсөт.
  9. Мектептин педагогдору тарабынан инновациялык эмгекти мотивациялоо күчөтүлөт.
  10. Окуучу өз алдынча тандоого, чечим кабыл алууга даяр болот жана мындай тандоого жоопкерчиликтүү мамиле жасайт.
  11. Мектептин педагогдору өзүнүн сабагын ийгиликтүү уюштурууда жана өркүндөтүүдө компьютерди пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Бирдиктүү методикалык теманын үстүндө иштөөнүн этаптары

 I этап.

Теориялык-диагностикалык (2018-2019 окуу жылдары).

  1. Билим берүүнүн жүрүшүнүн деңгээли жана абалы, педагогикалык коллективдин топтолгон позитивдүү иш-тажрыйбаларын анализдөө.
  2. Педагогикалык жамаат менен өз алдынча жана изденүүчүлүк менен окутуунун жаңы түрлөрүн (формаларын) үйрөнүү.
  3. Өнүгүүнүн перспективалык багыттарын таап чыгуу.

 

II этап.

Практикалык-изилдөөчүлүк (2019-2022-окуу жылдары).

  1. Таанып билүүчүлүк. Окуу-тарбия ишинде улантмалуулукту уюштуруу, апробациялоо жана жайылтуу.
  2. Практикалык изилдөө мамилелери, жеке чыгармачылык менен ачык сааттар, семинар-практикумдар, мастер-класстардын өз ара катыштары.
  3. Окуу-тарбия иштерин өркүндөтүү анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында окутуунун өз алдынча жана изденүүчүлүк формасын жайылтуу менен сабактардын сапаттуулугун жогорулатуу.

 

III этап.

Иш тажрыйбаны жыйынтыктоо – текшерип – баалоо (2022-2023-окуу жылдары).

  1. Иштелген иштин натыйжасын анализдөө, мектептин андан аркы перспективалык өнүгүшүн аныктоо.
  2. Мектептин методикалык темасы боюнча мугалимдердин иштеринин жыйынтыгын чыгаруу. Педагогикалык коллективдин ээ болгон натыйжаларын анализдөө, берген көрсөткүчтөрүн баалоо.
  3. Бирдиктүү методикалык теманын үстүндө иштөө боюнча жыйынтыктоочу илимий-практикалык конференция өткөрүү.

Иш тажрыйбаны жайылтуунун жыйынтыгы, чыгармачыл отчёттор, педагогикалык көргөзмөлөр. Топтолгон материалдарды системалаштыруу.

 

 

Мугалимдердин усулдук иши: