1-октябрь «Карылар куну»!
Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз. Кыргызда сөз бар го “ата-энеси бар адам, эң бактылуу адам”, “ата-энеңди көзү барда сыйлай бил” дегендей. Ата-эне жаш болсо да, барыбир улгаят, ал гана эмес биз дагы улгаябыз, ошондуктан ата-энени сөз менен эмес, иш-аракет, ак эмгегиңер менен сыйлай билгиле.
Комментарии