“Улуттун жаны – анын тили”
Р.Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназия ОТКде 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын“Мамлекеттик тили” жөнүндө мыйзамынын 32 жылдыгына арналган “Улуттун жаны-анын тили” деген темада салтанаттуу майрамдык иш- чаралар болуп өттү.
Мектептин алдында түстүү желекчелер илинип,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Тил Гимни жаңырып, мектеп майрамдык шаңга бөлөндү. Мектеп боюнча тил майрамына арналган класстык сааттар өтүлдү.Сүрөт көргөзмөсү уюшулду.Мектептин ичинде 11-класстар даярдаган видеоролик көрсөтүлүп, мугалимдердин куттуктоолору жаңырып турду.
Майрамдык иш -чара ,мектептин жетекчилигинин, мугалимдердин куттуктоолору менен ачылды.
6-класстын окуучулары көркөм ырларын окуп, ал эми башталгыч класстардын окуучулары Шебельников Никита, Косубеков Иса “Манастан” үзүндү айтып, балдардын ыраазычылыгына ээ болушту.
Чебердин тийсе кол учу,
Чер жазган мукам добушу.
Чертилип келдиң байыртан,
Чечен тил кыргыз комузу.
11-класстын окуучулары “Эргиме” күүсүн аткарышты.
5-класстын окуучусу Токтогулова Нурсезимдин аткаруусундагы “Кыргызым” деген ыры майрамдык кеченин көркүн ачты.
Комментарии