Эр жигит 2023
Мектепте «Эр жигит» сынагы болуп өттү
Жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо максатында «Эр жигит» кароо-сынагы көп жылдардан бери өткөрүлүп келет.
Мелдеш жаштардын арасында терең патриоттук аң-сезимди калыптандыруу, Ата-Мекенге болгон сүйүү, аскердик кызматка умтулуу, аскердик салттарды сактоо жана өркүндөтүүгө багытталган.
Мектептин 10-11-класстарынын окуучулары алгачкы аскердик даярдыктын деңгээлин көрсөтүштү. Даярдыктын деңгээлин катардагы офицерлер кирген компетенттүү жюри баалады.
Өткөн аскердик-патриоттук мелдеште жыйынтык боюнча 1-орунду 11 “Д” класс, 2-орунду 11 “В” классы, 3-орунду 11 “А” жана 10 “Б” класстар ээлешти.
Комментарии